Экономика

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди венгриялык ишкана долбоорлойт

Венгриялык A-Hid компаниясы Кыргызстанда чакан ГЭСтерди долбоорлойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кызматташуу жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана A-Hid компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту.

Ага ылайык, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени андан ары иштеп чыгуу менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн кыйла ыңгайлуу участокторду тандоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен чакан ГЭСтердин курулушун каржылоо маселеси да каралмакчы.

«Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү жана куруу – артыкчылыктуу багыттардын бири. Биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берген долбоорлорду ишке ашырууга даярбыз», — деди аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолуккан Акылбек Жапаров.

A-Hid — энергетикалык объектилерди, көпүрө, автожол, темир жол сыяктуу инфраструктуралык объектилерди долбоорлоо менен алектенген венгриялык компания экенин өкмөттөн айтты.

Ал эми Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Фонд жергиликтүү экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорго жеңилдетилген кредиттерди берет. Уставдык капиталы 16 миллион доллар.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button