Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгында алдыга койгон негизги милдеттери тууралуу маалымат берди.

1) Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында өлкөдө азык-түлүк товарлары боюнча ай сайын талдоо жүргүзүү, учурдагы кырдаалга мониторингди өз убагында жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү;

2) Социалдык маанилүү азык-түлүк товарлары боюнча камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү;

3) Күздүк буудайдын үлүшүн жалпы аянттын 30 пайызына чейин көбөйтүү зарылдыгын эске алып, 2023-жылдын түшүмүнө күздүк айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап себүү түзүмүн иштеп чыгуу;

4) Түшүм жыйноо кампаниясын уюшкандыкта жана өз убагында жүргүзүүнү камсыздоо;

5) Айыл чарба малдарына тоют камдоо чараларын көрүү;

6) Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү, селекциялык иштерди жандандыруу, малдарды жасалма жол менен уруктандырууну турукту жүргүзүү;

7) Эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, малдардын ылаңдарына алдын ала профилактикалык чараларды өткөрүү, жаныбарлардын идентификациясын толук өткөрүүнү камсыздоо. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу, зыяндуу отоо чөптөргө каршы иштерди жүргүзүү;

9) Айыл чарба багытында иштетилбей калган жерлерди айыл чарба айлануусуна киргизүү, ирригациялык объекттерди оңдоо, калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүү.

Ошону менен катар,  минситр Айыл чарба министрлигинин аткарган иштеринин негизги жыйынтыктары экинчи жарым жылдыкта көрүнөрүн белгилеп өттү.