Европаны каптаган аптаптуу аба ырайынан улам Улуу Британия өлкө аймагына өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазат.

Ага ылайык, Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги (UKSHA) 4-деңгээлдеги эскертүү берди. Ал «ысыктан улам улуттук өзгөчө кырдаал» катары аныкталат.

Бийлик калктын саламаттыгына байланыштуу тез жардам унааларын жана медицина кызматкерлерин даярдады. Рекорддук жогорку температура саякаттарды, медициналык мекемелерди жана мектептерди да үзгүлтүккө учуратышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, электр энергиясы, суу жана мобилдик кызматтардын жоготуу коркунучу жогору.

Улуу Британиянын Метеорология кызматы жогорку температура олуттуу коркунучтарды, анын ичинде дени сак адамдар арасында да олуттуу ооруну жана өлүмдү алып келерин эскерткен.

Лондон метро тармагы кыскартылган график боюнча иштеп жатат, жүргүнчүлөр өтө зарыл болгон учурда гана саякатка чыгышат. Лондондун жанындагы Лутон аэропорту абанын температурасынын жогорулашынан улам учуу тилкесинде мүчүлүштүк пайда болгондон кийин учуп келүүлөрдү жана учууларды токтотууга аргасыз болду.