Коом

Аскарбек Жаныбеков: Ирригация объекттерин оңдоо жана тазалоо иштерине 724,2 млн сом бөлүнгөн

Ирригация объекттерин оңдоо жана тазалоо иштерине республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренесинен 1,1 млрд сом каралган. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, каражаттын ичинен 724,2 млн сому бөлүнүп берилди.

“Ал былтыркы жылга салыштырмалуу жети эсеге көп болду. Бөлүнгөн каржат толугу менен пайдаланып, 114,5 км чарба аралык каналдарды механикалык тазалоо, 518 гидротехникалык курулмаларды, 101 насостук станцияларды оңдоо, 220 насостук агрегаттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары, мелиорациялык иштерди өз убагында жүргүзүү максатында ирригациялык атайын техникаларды сатып алууга республикалык бюджеттен 199,4 млн сом каралган. Азыркы учурда бул каражаттарды бөлүп берүү Финансы министрлиги тарабынан каралып жатат”, — дейт министр.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button