Коом
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө таза суу жок болот
Бүгүн, 26-июлда саат 9:00дөн тарта Бишкек шаарынын борборунда таза суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» мекемесинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, «Көк-Жар» суу тосмосунда авариядан кийинки калыбына келтирүү иштери жүрөт.
Чектөөлөр темир жол, Панфилов, Абдымомунов көчөлөрү менен чектешкен аймактарда болот.