Акыркы бир айдын ичинде форс-мажордук жагдайлардан тышкары пландалган оңдоо иштерине байланыштуу автоунаа кыймылына чектөө киргизилген.

Төө-Ашуудагы Көлбаев тоннелинде оңдоо иштери кечээ, 8-августта, аяктады. Азыр унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалымат кызматы соңку айдагы чектөөлөрдү киргизүүнүн себептерин эске салды:
5-июль күнү тоннелде жолтандабас күйүп кеткен. Натыйжада ал жерде электр жарыгы өчүрүлгөн;
7-9- жана 15-17-июль күндөрү айрым учурларда жол кыймылына чектөө киргизилген. Күйүп кеткен электр кабели алмаштырылып, желдетүү системасы калыбына келтирилди;
22-июлдан 27-июлга чейин, 29-июлдан 7-августка чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерине байланыштуу тоннелде оңдоо иштери жүргүзүлдү;
7-июлдан 9-июлга чейин, 15-июлдан 17-июлга чейин, 22-23-27-июль, 29-июлдан 7-августка чейин график боюнча автотранспорттордун өтүүсүнө чектөө киргизилген. Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болчу.
«8-августта тоннелди жамоо иштери аяктады. Бирок жакынкы аралыкта башка жолдорду оңдоо иштери күтүлүүдө. Андыктан кайрадан чектөөлөр киргизилиши ыктымал. Бул тууралуу алдын ала кабарлайбыз», — деп айтылат маалыматта.