Коом

Чолпон-Атада КР менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү өтүүдө

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.
Бөрүбаевдин айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
«Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз», — деди Бөрүбаев.
Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү жолугушуусу 17-августка чейин уланат.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Андан бери эки тарап чек араны тактоо боюнча жолугушууларды өткөрүп келүүдө.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жакынкы айларда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин өткөн аптада билдирген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button