Эртең, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган оюн-зоок эртең менен саат 8:00дөн кечки 19:30га чейин созулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маараке Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт.

Салтанаттуу иш-чаранын программасы:

10:00 – 10:20 — Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;

10:30 – 10:55 — Этнобазардын, кыргыз айылынын, ынтымак республикалык кароо-сынагынын жана улуттук спорт оюндарынын ачылыш аземи;

11:00 – 11:50 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;

11:50 – 12:20 — ат чабыш, байге тапшыруу аземи;

12:30 – 16:30 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы, күлазык, улуттук тамак-аш, элдик кол өнөрчүлүк, көркөм сүрөт өнөрү (кыргыз айылында улантылат);

12:30 – 17:00 — салбурун, күрөш, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш жана башка улуттук оюндар;

12:30 – 13:15 — Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;

13:20 – 14:30 — ат оюндары: кыз куумай, эр эңиш, эр сайыш, тыйын эңмей, ат үстүндөгү шамдагай жигиттер;

14:30 – 16:30 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынактары: улуттук ырлар, улуттук кийим-кечелер;

15:00-16:00 — «Ынтымак» республикалык кароо-сынагы: боз үйдү тез тигүү

17:00 – 19:30 — салтанаттуу иш-чаранын жабылышы, «Ынтымак» республикалык кароо-сынагынын номинациялар боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи, гала-концерт.