Саясат

Токаев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

“Эгемендүү өнүгүү жылдарында Кыргызстан мамлекеттик курулушта, саясий жана социалдык-экономикалык жаңыланууда, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренадагы беделин жогорулатууда зор натыйжаларга жетишип, маанилүү кайра курууларды башынан өткөрдү.

Сиздин күчтүү жетекчилигиңиздин астында кыргыз эли мындан аркы өсүүнү камсыз кылуу, заманбап жана гүлдөп өнүккөн мамлекетти куруу боюнча бийик максаттарды жана милдеттерди ийгиликтүү ишке ашыраарында шек жок.

Казакстан Кыргызстандын жетишкендиктери менен чын жүрөктөн кубанат жана биздин достук, ынак коңшулук жана өз ара колдоо байланыштарыбызды мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берет.

Биргелешкен күч-аракеттер менен биз казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы горизонтторду ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбызды динамикалуу өнүктүрүүгө сапаттуу дем бере аларыбызга ишенем”, — деп айтылат куттуктоо текстинде.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго боордош Кыргызстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button