Эми ачык болду окшойт. Ырыс Жекшеналиев деген “баатыр” болуп жаткан бала боюнча, ал камалар алдында жакын кесиптеш агасына айтыптыр.

“Ильгиз Шаменов 2 айдан бери айлыгымды бере элек. Кетип калайын десем ала албай калам, бербей коет. Биротоло заказдарын аткарып, айлыгымды алып анан кетем”-деген экен.

Алгач камалганда образга кирип, “элим мен сынбайм” деп короз болуп жаткан. Эми сотто айтып жатат.

“Мен видеонун монтаж экенин жана эски экенин билген эмесмин. Мага беришкен болчу”-деп. Мына, кимдер берген? Эми ошону так айтсын.

Схема мындай. Сапар Исаков, Равшан Жээнбековдор заказ берип, аны Ильгиз Шаменов Ырыс Жекшеналиевдин колу менен соцсеттерге тараттырган.

“Полит узник” деген баракча убагында дагы чагымчыл материал жарыялап, анын администратору Айсулу деген Равшан Жээнбековдун ойношу кармалган. Андан кийин, баракчаны Ырыс Жекшеналиев иштетип баштаган экен.

Ырыс Жекшеналиев Сапар Исаков, жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Ильгиз Шаменов дегендердин курмандыгы болду. Артында турган кузгундар жаш баланы кылмышка түртүп, каматып салышты. Эми калп эле кээде сотуна барып, кыйкырымыш болуп коюп жатышат. Булар эч качан жаш баланын тагдырына күйбөйт, сыртынан кайгырган түр көргөзүп, ичинен “Ырыс Жекшеналиев түрмөдө өлүп калса экен, бизге шылтоо табылат эле” деп тилешет. Бул жашыруун эмес.

Ырыс Жекшеналиев эми акылына келип, кимдин ким экенин түшүнөт бекен? Же, чычкак адатынча “мен сынбайм, мен саясатчымын” деп оолуга береби. Акылына келбесе өзүнүн шору.

Ырыс сыяктуу жаштар, кузгундардын торунан абайлагыла!

Бакыт Жекшенов