Эл үнү

Таштак талааны гүлзарга айландырган Акбар аба

Баткен районунун Кадамжай районундагы учурда Торговый деп аталган жери мындан бир аз эле убакыт мурун таш баскан, коко тикен менен шыбактан башка эч нерсе өспөгөн куу талаа эле. Ош – Исфана жолу ушул талаа аркылуу курулгандан кийин бул талаага кут келгендей болду.  Торговыйдын бүгүнкүдөй тогуз жолдун тоому, туристтер, коноктор, жолоочулар сөзсүз токтоп өтө турган жайга айланышында ишкер Акбар Жороевдин салымы эбегейсиз.

Акбар аба алгач бул жерге айдоочулар үчүн коомдук даараткана салат. Анан жолоочулар үчүн кафе, чайхана курулат. Таштак талаанын ташын бирден терип, эбегейсиз эмгек коротуп, айдоо аянтына айландырат. Ал жерге кокон гилас өстүрөт. Кафенин артына сарай салып, сүт багытындыгы асыл тукум уйларды алып келет. Башка дыйкандардай болуп малдын кыгын түз эле талаага алып барып төкпөстөн, андан биогаз алат. Биогаз реакторуна чайханадан чыккан органикалык таштандылар, уй сарайдан чыккан кыктар салынат. Алынган газ кафеге иштетилип, ал эми эң баалуу суюк жер семирткич болгон биокомпост кокон гиластарга салынат. Азыр Акбар аванын кокон гилас багы — аймактагы эң мыкты бактардын бири. Негизи багбанчылык боюнча Кадамжайдын дыйкандары алдына ат салдырбай эмеспи. Ошолордун арасында да Акбар мырзанын багбанчылыгы элден өзгөчө. Анткени ал ар кандай зыяндуу курт-кумурска, залалдуу заттардан тазаланган таза органикалык жер семирткич менен кокон гилас өстүрөт. Акбар аванын түшүмү башка багбандарга караганда 20-30 пайыз кымбат кетет экен. “Биздин кокон гиласти бир жеген адам химиялык препараттар менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди жегиси келбей калат. Келген кардар ойлонбой туруп, 20-30 пайыз кымбат алат, —  дейт ишкер.

Акбар аба узак сапар жүргөн айдоочулардын, жолоочулардын, туристтердин сообуна калыптыр. Кароолчусу, баш аламан токтото беришпесин деп атайын чийилген схемасы бар кенен автотоктотмо, “Техас” деп аталган мейманкана куруптур. Көрүнгөн жерде токтоп, эс алган чоң унаа айдагандар, заманбап мейманкада эс алып, андан ары карай жолун улашат экен.

Баткен, Лейлек жакка байма-бай каттап жаткан туристтердин, коноктордун сүйгөн жайына айланыптыр Торговый. Акбар ава асыл тукум уйларын органикалык таза азыктар менен азыктандыруу үчүн Халмион айылында тээ азуусу Айды жанган СССР да иштете албай койгон 40 гектар жерди өздөштүрүптүр. “Бул жерди тээ илгери кореецтер иштетчи эде, кийин түрктөр келип жүзүм кылыштылар. Онусу боводу. Таштап кетишти. Быйыл Акбар иштетти. Чакана пул кеттиби а”, — деп оозундагы насвайын чыйт түкүрө баш чайкады бир халмиончу абышка. 40 гектар жердин 25 гектарына жүгөрү айдап, аны органикалык ыкма менен силоско бастырды. Чыктуу тоют жасоо боюнча уникалдуу табылгасы бар ысык-аталык фермер Нурбек Джыргалбаевдин чарбасына барып, тажрыйба алмашып, андан соң жүгөрү орулчу чакта чүйлүк фермерди Кадамжайга алып келди. Баткен облусунда, деги эле түштук жергесинде биринчилерден болуп, Акбар ава чыктуу тоют бастырды.

Буйруса, Акбар аванын Ала-Тоо породасындагы асыл тукум уйлары органикалык чыктуу тоют жеп, органикалык таза сүт берет. Ал сүттү ошол эле кафесине иштетет. Түштүктө саарлап нан, каймак менен чай ичмей — кенен жайылган салт. Эми, буйруса, Торговыйга токтогон туристтер, жолоочулар, коноктор органикалык таза сүт азыктарын ичип калышат. Негизи башынан эле Акбар ава органикалык азыктарга басым жасап, кафе кардарларына таза азыктан жасалган тамактарды берип келет.  Келечекте сүттү түз өзүн сатпай, кайра иштетүүчү завод салам дейт ишкер. Ошентип аяш аваларыбыз сүт менен чай ичип, сыйлуу конок келип калса, алып чык, катын, баягы бекиткен сырды деп калчу күн алыс эмес.

Ички туризмди өнүктүрүү, ошол эле учурда экологияны сактоо Кыргызстанда эч качан күн тартибинен түшпөй турган маселе.

Уйдун заңынан чыккан зыяндуу газ, курамындагы зыянкечтер — өлкөбүздүн экологиясы, айыл чарбасы үчүн эбегейсиз зыян келтирип жатканы айныгыс факт. Бул маселени чечүү үчүн миллиондогон гранттар короду, жүздөгөн тегерек столдор, конференциялар, семинарлар өтүлдү, консультанттарга миллиондор кетти. Бирок реалдуу иштер аз. Бул көйгөйдү чечүү үчүн күн тыным, түн уйкусун кечип тынымсыз иштеп, ошол эле учурда канчалаган адамдарга иш орун тузгөн, болгондо да табиятка ныпым зыяны жок иштерди жасаган Акбар Жороевдин кылып жаткан иши – өлкөнүн ишкерлери үчүн өрнөк. Жер аянты көп Чүйдүн, туристтик аймак болгон Көлдүн, мал киндиктүү Нарындын ишкерлери четки аймак Баткенде таштак талааны гүлзарга айландырган мээнеткеч, патриот Акбар авадан үлгү алышса жаман болбойт эле. Анан да эл аралык уюмдар, мамлекеттик мекемелер ишкерлерди тажрыйба алмашууга Америка, Европа, Корея, Японияга жөнөтпөй, өзүбүздүн эле Акбар абабызга жөнөтсө, өлкө үчүн да, ишкерлер үчүн да зор пайда болчудай. Негизи эле эбегейсиз акча коротуп, шарты, менталитети башка элдерден алган тажрыйбанын Кыргызстандан иштеп кетмеги өтө эле кыйын. Биз ушуну түшүнбөй койдук. Акбар аба болсо алыскы аймакта жатып алып, мактанбай, мамлекетке жүгүн артпай эле элге, журтка кызмат кылып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button