Акыркы маалда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери уктап жатып, түш көргөнсүп Кемпирабад суу сактагычын сактап калалы деп ар жерде сайрап өзүн мыкты патриот көргөзүп, кыргыз жерине каны кайнап күйүп атканын айтып, элден бир башка акылдуу болуп, Өзгөндө өз элин кемсинтип, аны улам улам интернет тармактарына жарыя кылып упай топтоо камын көрүп атканын көрүп атабыз.

Мындай иштин баарын Мадумаров 2008 — жылы спикер болуп турганда эмнеге кыргыз жерине күйүп бышкан эмес, Баткендин жерин Таджиктерге, Ыссык-Көл, Таластын жерин Казактарга ит бекер берип атканда эмнеге күйгөн эмес, же азыр ойгонуп эми эсине келип, азыр кыргыз жерин барктап калдыбы?

Ким болсо да жерди сактап калалы деп төшүн уруп чыкканга Мадумаровдун моралдык укугу жок, кайсы бети менен уялбай элдин алдына чыгып элдин баарын кемсинтип сүйлөдү билбейм. Көзү май басып, өткөн кеткенди унутуп, өзүн ажоо сезип элдин ойюн илгебей калган Мадумаров үй-бүлөсүнө жакшылык кылбаган элге жакшылык кылабы деген суроо? Өзгөн эли чыныгы жүзүн дагы эле көрө элексиңерби Мадумаровтун.

Айжамал Арипова, Өзгөн шаары