Tilt shot of a middle aged woman's hand fettered with handcuffs

Равшан Жээнбеков кече жакында атасы Бабырбек Жээнбековдун сөз эркиндигин колдоо фондусунун сыйлыктарын тапшыруу иш чарасын өткөрүптүр. Албетте, атасын унутпай, эстегени – алкоого татыктуу иш.

А бирок, бейиши болгур Бабырбек байкенин өмүрүнүн акыркы жылдарына көз чаптырып эстеп койсок, атасынын элесин уулу Равшан кантип тебелегенин көрүп, айла жок жакаңды кармайт экенсиң.

Уулу Равшандын айынан Бабырбек Жээнбеков Атамбаевдин көп жылдык  куугунтугунан башы чыкпады.

Жумуштан эки ирет куулду, жасалма кылмыш иш козголуп артынан түшүштү.  Менчигин талашуу башталды, соттон сотко сүйрөштү. Ысык-Көлдө пансионаты өрттөлдү.

Өжөр Бабырбек Жээнбеков артка тартпады, катуу турду. Ошол кездеги кыргыз тилдүү гезиттерди барактасак, кырдаалды баарын юрист катары жипке тизгендей түшүндүрүп, бийлик анын уулу Равшандын менчиктерин кантип тартып алып жатканын айтып турду.

Журналисттердин эсинде, Бабырбек байке ар бир редакцияга кирип, баарын сонун кылып айтып, түшүндүрүп берчү. Анын айткандарын гезитке жарыялап, Бабыр байкеге Атамбаевдин бийлиги менен күрөшүүсүнө жардам берген журналисттердин баарынын көзү тирүү, муну тастыктап беришет.

«Алиби», «Ачык саясат» гезиттери менен Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы иштеген, бийликтен кетирүүгө идеологиялык негизги салым кошкон Бабырбек Жээнбеков Атамбаевдин бийлигине да чоң коркунуч болчу.

Бабыр байке мына ошентип Атамбаевдын репрессиялык машинасы менен аянбай, арстандай кармашты. Ошол кармаш анын ден-соолугуна орду толгус зыян алып келди. Айыккыс ооруунун негизги себеби мына ошол куугунтук болду.

Ден-соолугу чың, күчкө, акылга толуп турган,   куугунтукка баш ийбеген кишини ошентип соттон сотко сүйрөп жүрүшүп, башка жол менен алып тынышты. Ошентип, куугунтуктан, катуу кармаштан айыккыс оорууга чалдыккан Жээнбеков акка моюн сунду. Ал убакта Равшан өзү да Атамбаев, Текебаев менен күрөшүп жүргөн убагы.

Бирок, тагдырдын тамашасын кара, бир аз убакыттан кийин Равшан атасынын элесине түкүргөндөй эле мамиле кылып баштады.

Атамбаевдин “мен сени премьер-министр кылам” деген азгырык сөзүнө, анын акчасына ишенип саясатта 180 градус тескери жакка бурулуш жасады. «Атамбаев башкы узурпатор, аны кылмыш жообуна тартыш керек» деген Равшан Атамбаевдин башкы вазирине айланды. Андан аркы Равшандын саясий имиджине, жолуна, тандоосуна баарыбыз күбөбүз, кайрадан айтып отуруштун кажети жок.

Эми, атасынын атынан сыйлык тапшырып коюп эле Равшан арбакка жакпаган иштерин жууп сала албайт. Бабырбек байкени жакындан билгендер анын жанын алып тынган Атамбаевдин вазирине айланган Равшандын Кудайга жакпас жоругун унутушпайт.