Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев , Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ички иштер министри Улан Ниязбеков Баткенде эл менен жолугушуу  өткөрдү.

Жыйында Лейлек районунун тургундары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаевге  кайрылып районго авиа каттамдын санын көбөйтүүнү сунушташты.

Тургундардын айтымында жарандар билет алуу үчүн айлап кезек күтүшөт. Мындан тышкары  райондогу мектеп, таза суу  жана жол, чек ара көйгөйлөрү айтылды.

Ошондой эле Лейлек районунун тургуну Абдижапар Досов милициянын  полковниги Икматилла Полотов мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин колунан каза болгонун айтып, ага генерал наамы берилбей жатканына нааразы болду.

Белгилей кетсек, буга чейин эл менен жолугушуу Президенттин тапшырмасына ылайык мындай жолугушуулар буга чейин Жалал-Абаддан башталып, Чүй жана Талас облустарында өткөн.