Бүгүн, 9-сентябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.