Азимбек аксакал элчилик милдетин аткара албай кайтып келди. Жөн келбей таарынычын айтып бүтө албай жатат. Кечээ, “Аки прессте” маалымат жыйын куруп, бугун дагы чыгарып алганга үлгүрдү.

Убагында Бекназаров “бульдозер” деген атка конгон. Бул кишинин уюштурган аракеттери, арты жакшылык менен бүткөн эмес. Аксы окуясы, карапайым бей күнөө адамдарды ажалга жетелеген. Кийин дагы көп тарыхый окуяларда жүрдү. Бирок азыр баягы Бекназаров эмес, жаштыгы артта калды. Адатынча күпүлдөп, уратып, кулатып жиере турган мезгили эмес. Каада күтүп, калыс карыя болуп, кийинки жаштарга насаат айта турган убагы.

Тилекке каршы Азимбек аксакал карылыкты – алжып калуу менен күттү. Дагы деле тентек баладай кежирленип, кызматтан кеткиси келбей, “тополоң салам” деп буркулдап жатат.

Кыздын кылыгы – төркүнүнө маалым дегендей, Азикеңдин эмне каалап жатканы элге маалым. Пресс-жыйында, камакта жаткан Алмазбек Атмбаевди көкөлөтүп мактап, “абакта жатса дагы күрөшүп жатат, чыныгы баатыр экен”-деди. Бул деген, “мен келдим, жумушсуз калдым. Оппозицияны башын бириктирейин, мага акча бер, каржыла, биз айгай салалы”-деген намек.

Баканын көзү чалчыкта дегендей, Азикеңдин көзү Атамбаевдин капчыгында болуп жатат.

 Назира Жакыпова,  Сокулук