Коррупцияга шектелип райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча аскердик билеттерди берүүдө системалуу мыйзамсыз иш аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.

Кармалган кызматкер адам КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке катышын аныктоо боюнча тийиштүү атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.