Эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри КР эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдык мааракеси белгилене турганын билдирди.

Ага ылайык, министрликте бул боюнча жыйын өтүп, анда иш-чаранын планы талкууланган.

“Сунуш-пикирлердин негизинде бекитилген программа коомчулукка жакын арада таратылат”, — деп айтылат маалыматта.

Муса Баетов 1902-жылдын 10-ноябрында азыркы Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Учурда залкар таланттын ысымы райондун борборуна берилип, Дөрбөлжүн айылы Муса Баетов болуп аталган.

Муса Баетов Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына, кийин Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынып, туңгуч солист болот. Андан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына солисттик кызматка которулуп “Айчүрөк” операсында Сыргактын, “Манас” операсында Алмамбеттин партияларын аткарган.

1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүндө Кремлдин сарайында 5-июнда өткөн, Сталин келип катышкан жыйынтыктоо концертинде эл аспаптар оркестринин коштоосунда ырдап чыгып, өзүнүн өзгөчө талант экендигин көрсөткөн. Ошол он күндүктүн жыйынтыгы боюнча Эмгек Кызыл Туу орденин алып, Кыргыз ССРинин эл артисти наамына жетишкен. Ал кыргыз маданиятына гармонь инструментин аралаштырган.

Кыргыз музыка маданиятынын алтын казынасына ырчынын “Даанышман”, “Арпанын Ала-Тоосунан”, “Кыздар, ай”, “Окудуң борбор шаарынан”, “Сагынам” деген сыяктуу кырктан ашык обондуу ырлары жазылып калган.