Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп окуя болгон жерде иш алып барууда.

“Азыркы учурда ок атышуу токтоду. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч”, — деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.