Саясат

Садыр Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button