Коом

ӨКМ: SIM-карта жокто, антенна чыкпаган учурда да байланышка чыкса болот

ӨКМ ыкчам кызматтардын бардыгын камтыган бирдиктүү номер бар экенин эске салды. Министрлик кырсык катталганда 112 номерине чалуу керектигин эскертет.

Бул номер менен уюлдук телефондун SIM-картасы жокто, ошондой эле антеннасы чыкпаган учурда да байланышка чыкса боло турганы белгиленди.

Кыска номерге Кыргызстандын аймагынан акысыз жана күнү-түнү чалууга болот.

112 бирдиктүү түйүнү төмөнкү кызматтарды камтыйт:

101 — өрт өчүрүү кызматы;

102 — милиция;

103 — медициналык жардам кызматы;

104 — газ авариялык кызматы;

161 — куткаруу кызматы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button