Акыркы күндɵрү Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунун каршысында жайгашкан Бишкектин 125 жылдыгы атындагы (Асанбай) паркынын айланасындагы талаштуу маселе тууралуу социалдык тармактарда маалыматтар чыгып жатат. Аталган парктын аянты 4 га.

2009-2010-жылдары парк реконструкцияланган. Жаңы отургучтар, урналар орнотулуп, аллеялар түзүлүп, брусчаткалар төшөлгɵн. Ирригациялык система жана канализация тартылып, колонна, сахна жана борборго фонтан орнотулган. Жаңы аттракциондор орнотулду. Парк «Детский досуг» ЖЧКсына ижарага берилген.

“Детский досуг” ЖЧКсы 13 жылдан бери миллиондогон акча каражатын жумшап, паркты жашылдандырып, ирригациялык системасын жолго коюп, жарандарды жумуш менен камсыз кылып, казынага салык тɵлɵп келе жатат.

Жеке тараптарга тиешелүү болгон “Луна Парк” компаниясы Бишкек мэриясына Асанбай паркына оюн-зоок комплексин куруу сунушу менен кайрылат. Вице-мэр Нурдан Орунтаев “Детский досуг” ЖЧКсы менен келишимди узартуудан баш тартып, кайрадан парк курулат деген жүйɵ менен жаңы тендер ɵткɵрүлɵт деп шаардыктарга маалымат берет. Ал эми шаар тургундары мэриянын мындай сунушуна караманча каршы экендиктерин билдирип жатышат. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, аталган паркты “Луна парк” комплексине 25 жылга ижарага берүү пландалып, ал жер оюн-зоок комплекси болору айтылууда.

Фейсбук социалдык тармагы аркылуу шаардыктарга кайсы парктар оңдоп-түзɵɵгɵ муктаж деген сурамжылоо жүргүздүк.

Нурдɵɵлɵт Копоев: “Азыр эле Куурчак театры жактагы «Пионер» паркынан өттүм  Атайын эле балаты,бактарды кууратып атышкандай  Заңгыратып коюшса эмне…?».

Жийде Абдымамытова: «Совет көчөсүнөн жогору чыкканда магистраль менен кесилишкен жерде Баатыр атабыз Дайыр Асанов атындагы парк, эс алуу жайынын абалы аянычтуу. Кайра оңдоп койсо сонун жерде жайгашкан. Эс алуучулар да көп бармак”.

Кумар Токоевна: “Ак Өргөдөгү парктын багы ачылбас болду”.

Шаардыктардын мындай пикирлери ондоп саналат. Демек, Бишкектеги жашыл аймактар, парктар кароосуз калып, таштандыга толуп, эс алуучу жайга эмес, таштанды полигонуна айланып баратат.

Бишкек мэриясы шаардын абасынын таза эместигин (смок), экологиялык начар абалды эске алып, жашылдандыруу иштерин жандантуунун ордуна жашылдандырылып, калкты тейлеп турган Асанбай паркына кɵз артпай, башка кароосуз парктарды ижараг берип, гүлдɵтүү жолун тандаш керек.