Коом

Камчыбек Ташиев: «Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик»

КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Гулистон, Исфара шаарларына барып, Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жана бардык күч структуралардын жетекчилери менен жолугушканын журналисттерге билдирди.

“Ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Ошондой эле Баткен облусунун, ички иштер башкармалыгынын башчысы, УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары жана ички иштер министрдин орун басарынан турган комиссия түздүк. Тажик тараптан дагы комиссия түзүлдү. Кызыл-Бел чек ара заставасында комиссия ишин баштады. Ок атууну токтотуу боюнча команданы бердик”, — деди УКМКнын төрагасы.

Ташиев атышуу 1-2 сааттын ичинде толук токтой турганын билдирди.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашканы тууралуу маалымдалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button