УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу ЖК депутаттарына жабык түрдө маалымат берип кетти, жыйынга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Ташиев менен кошо коргоо министри Бактыбек Бекболотов жана башка өкмөт мүчөлөрү келген. Андан соң эл өкүлдөрү жыйынды өздөрү улантып, азыр түшкү тыныгууга чыгышты.

Депутат Марлен Маматалиев саат 14:00дө чек ара маселесине байланышкан жыйынды кайрадан жабык түрдө талкуулоо уланарын билдирди.

Эл өкүлдөрү жыйында эмне чечимге келгени боюнча айтуудан такыр эле баш тартып, журналисттерге маалымат беришкен жок. Жыйындар залынын кире беришине металлодетектор орнотулган, депутаттардын чөнтөк телефондорун да алып, андан соң киргизүүдө.