“Kloop” басылмасынын Ош шаарындагы журналисти Даврон Хотамов Тажик Республикасынын ТИМи берген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында ТР ТИМи өз сайтында жалган маалымат тараткан. Анткени, алар Хотамовду этникалык тажик аял  деп, «Свобода» радиосунун кыргыз кызматында иштеген деп жазган. Ал өзү жынысы эркек экенин жана «Свободанын» кыргыз кызматына тиешеси жок эккенин жазат.

“Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз сайтында Кыргызстандагы этникалык тажиктерге басым өткөрүлүп жатканы тууралуу баяндама жарыялап, менин да аты-жөнүмдү кошуптур.

Алар мени этникалык тажик аял  деп, «Свобода» радиосунун кыргыз кызматында иштеген деп жазган. Менин жынысым эркек жана «Свободанын» кыргыз кызматына тиешем жок.

Мен Кыргызстандын жаранымын, улутум өзбек.

А чынында окуя 17-сентябрда Оштогу борбордук аянтта болгон. Ал өзүнчө бир тема.

Бирок Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги мени этникалык тажик деп көрсөтүп, аны саясий максатта колдонушун каалабайм.

Мени Тажикстан менен эч нерсе байланыштырбайт.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги аталган баяндаманы сайтына жарыялап, бир аздан кийин өчүрдү. Бирок скрин калды”, — деген ал.