Саясатчы Алтынбек Сулайманов кармалганы тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жокко чыгарды.
Буга чейин, анын бир күндөн бери УКМКда суракта экени тууралуу маалыматтар тарап жаткан.
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан өзү жазган арыздын негизинде бошотулган.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 28-сентябрда кол койду.
Сулайманов 27-сентябрда отставкага кеткенин жар салган. Ал бул кызматка 2022-жылы февраль айында дайындалган болчу.