Депутат Элмурза Сатыбалдиевдин үйүнүн тосмосу алынды
Бишкектин Шүкүров көчөсүндөгү 166-үйдүн тосмосу алынды. Депутат Элмурза Сатыбалдиев буга чейин мойнуна алгандай, үй ага таандык жана анын ичинде жеке бала бакча жайгашкан.
Маалым болгондой, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Сатыбалдиев вице-мэр Нурдан Орунтаевден мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын жана Шүкүров көчөсүндөгү кеңейтилиши керек болгон тратуар тууралуу сураган.
Вице-мэр жашыл аймак жол куруу долбооруна киргизилгендигин жана 71 үй кызыл сызыктан чыгып кеткендиктен үйлөрдүн тосмолору алына тургандыгын айткан.
ЖК комитетинин жыйынында эл өкүлдөрүнөн вице-мэр тил угуп, жыйынтыгында Сатыбалдиев Орунтаевди андан кечирим суроого мажбур кылган.