Кыргызгидромет билдиргендей, 1-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +11…+16
Талас облусунда +11…+16
Баткен облусунда +17…+22
Ош, Жалал-Абад облустарында +17…+22
Ысык-Көл облусунда +10…+15
Нарын облусунда +1…+4
Бишкекте күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +13…+15° болот.