Коом
2-октябрда Бишкектин борбордук бөлүгүндө таза суу жок болот
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө 2-октябрь күнү саат 9:00 — 22:00 аралыгында таза суу убактылуу өчүрүлөт.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, суу топтоочу жайларда пландык оңдоо иштери жүрөт.
Суу убактылуу өчүрүлө турган көчөлөр: Фрунзе, Манас, Жибек Жолу, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов.