Коом

Мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр, коомдор биргелешип аракеттенүүгө тийиш

Учурда Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу басып киришинен кийин талкаланган үйлөрдү жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети Баткен облусунда жүрүшөт. Күн сайын жабырлануучулар менен жолугушуулар болуп жатат. Мындай жолугушуулар, албетте, эмоциясыз өтпөйт, анткени адамдар аткылоодон, өрттөн аман калышты, үйлөрү талкаланды. Учурда баткендиктер бул маселени түп-тамырынан бери көтөрүп, аларга акчанын кереги жок, коопсуздук кепилдиги абдан керек экенин айтууда. Алар бийликтен чек ара маселесин туура чечүүнү талап кылышууда. Мына ушундай кызуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бийлик менен катардагы жарандар бир пикирге келишет. Министрлер кабинети да карап отурбай, кыш келгенге чейин турак-жай менен камсыз кылууну убада кылууда.

Ушул оор мезгилде Кыргызстандын эли өзүнүн биримдигин жана тынчтыкка умтулуусун көрсөттү. Эл чогулуп, тилектештик көрсөтүп, Баткенди колдоп, жөлөк болуп келет.

Ушундай кырдаалда, Тажик тарап бизге ар кандай жолдор менен сырттан кол салса, ички душмандар тынчыбызды бузууга аракет кылууда.

Мисалы, депутат Адахан Мадумаров. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын баракчасында баткендиктердин билдирүүлөрү, чек ара көйгөйлөрүн чечүү талабы жарыяланды. Кыргыздын жери берилип кетти, сатылып кетти деп калпты таратууда. Бүтүнчүлөр мына ушундай материалдар менен кыргыз элинин сабыры менен ойноп, өлкөнүн ичине чыр-чатак чыгарууну көздөп, терс пикирлерди жайылтып жатышат. Мамлекеттин бүтүндүгүн, чек арасын сактап калуу тууралуу сөз кылуунун ордуна, өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатышат. Мадумаров Кыргызстанды кантип бекемдеп өнүктүрөбүз деген акылга сыярлык стратегияларды сунуштабайт. Анын аракеттери мына ушундай болор-болбос провокацияларга жумшалган. Ал өзүнүн майда кызыкчылыгын улуттук кызыкчылыктан жогору коёт.

Бир эле Адахан Мадумаров эмес, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, ошондой эле Атамбаевдер күнү-түнү арам ой, пландар менен алек болуп, бийликти алсыратуу аракетинде. Ички душмандар өлкө башына күн тушкондө, ушинтип билинет.

Бактыга жараша, социалдык тармактарда акыл-эстүү кыргызстандыктар мындай “жергиликтүү” душмандарды айырмалап, аларды чек ара маселелерин чечүүгө жолтоо болгон “шылуундар, манипуляторлор жана шыкакчылар” деп жатышат.

Бул шылуундар кырдаалдан пайдаланып, элди нааразылык акцияларына, митингдерге алып чыгып, бийликке келебиз деп  ишенип жатышат. Бирок, митинг башаламандыктан тажаган эл  аларды колдойбу деген суроого алгач жооп издешсе болмок.

Саясат таануучу, жарандык активист Адил Турдукулов «Азия-Ньюс» гезитине берген маегинде азыркы бийликти күч менен кулатуу максатка ылайыксыз деп билдирди. Анын айтымында, азыр тышкы коркунучтарга каршы туруу зарыл. «Садыр Жапаровдун биринчи президенттик мөөнөтү бүтсүн. Кыргыздар эркиндикти сүйгөн эл. Керексиз кубаттуулукту тез алып салууга болот. Бирок Рахмондун ыплас саясаты чек ара менен эле чектелбейт, анын артында аны колдоп жаткан тышкы күчтөр болушу мүмкүн», — деди ал.

Чындыгында чек ара чатактары эл үчүн сыноо: бириге алабы же өлкө ичиндеги мамлекеттүүлүктү талкалайбы. Серепчилердин баамында, ички чыр-чатактар, бийликке болгон ишенимди жасалма түрдө азайтуу, коомдун тышкы коркунуч алдында бириге албагандыгы жана каалабагандыгы – мунун баары ар бир мамлекетти алсыз кылат.

Бүткүл коом кийинки жаңжалга даярдануусу керек. Тынчтыкты, стабилдүүлүктү, мамлекеттүүлүктү сактоо үчүн Кыргызстандагы бийлик, жарандык коом, массалык маалымат каражаттары жана бардык саясий күчтөр биргелешип аракеттенүүгө тийиш болгон учур келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button