Коом

V дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт

Көчмөндөрдүн V дүйнөлүк оюндары Казакстанда өтмөй болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Эстафетаны Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу казакстандык кесиптеши Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Эске салсак, дүйнө жүзүнө Кыргызстандын бренди катары таанымал Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары үч ирет Ысык-Көл жээгинде өткөрүлүп, кийин кезек Түркияга берилген. Иш-чара быйыл Изникте 102 өлкөдөн келген 3 миңден ашуун спортчунун катышуусунда болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button