Залкар төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата аткаруучулар арасында кароо-сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык,  сынак 15-16-октябрь күндөрү болот.

«Иш-чаранын максаты Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирип, автордук жана өзүнүн аткаруусундагы чыгармаларды сактоо болуп саналат. Эң башкысы — салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды эл алдына алып чыгуу», — деп айтылат маалыматта.

Шарттары:

Сынакка улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, музыкалык окуу жайлардын студенттери катыша алышат;

Жашына чектөө жок.

Белгилей кетсек, быйыл белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы белгиленүүдө. КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаев 1951-жылы 1-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Атасы Алымкул Үсөнбаев төкмө акын, энеси Беркимбай кызы Назим акын болгон. Бала чагынан үйгө конок болуп келген Осмонкул Бөлөбалаев, Саякбай Каралаев, Ыбырай Туманов, Карамолдо Орозов, Коргол Досуевди жакындан көрүп, залкарлардын колуна суу куюп, батасын алып өскөн. Үсөнбаев «Эл шайырлары» фольклордук тобунун көркөм жетекчиси, Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору болуп эмгектенген. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак берип, бир топ шакирттерге жол көрсөткөн.