Маданият
Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы «Азия Оскарына» талапкер болду
Режиссер Актан Арым Кубат тарткан «Эсимде» тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясына (APSA) талапкер болду. Бул тууралуу продюсер Алтынай Койчуманова билдирди.
Салтанат 11-ноябрда Голд-Костто (Австралия) өтөт.
Тасма үч номинацияда көрсөтүлдү: мыкты тасма, мыкты сценарий жана мыкты роль жаратуу.
2007-жылы түзүлгөн APSA сыйлыгы эл аралык сыйлыктардын арасында көбүрөөк мааниге ээ болуп, кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп аталууда.
“Эсимде” тасмасы эс-учун жоготуп, бөтөн жерде 23 жыл азап чегип, мекенине кайтып келген Зарлык карыянын тагдырын баяндайт.
Башкы ролдордо: Актан Арым Кубат, Мирлан Абдыкалыков, Таалайкан Абазова, Элнура Осмоналиева.
Тасманын бет ачары Кыргызстанда 2022-жылдын 17-ноябрында болот.