Саясат
Бүгүн Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт
Астана шаарында (Казакстан Республикасы) бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.
«Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган», — деди Султанбаев.