Коом

Төлөнбай Нурбаев: “Сапар ТЭЦтен аймап кеткен 386 миллион долларынан кертип берип, Мадумаровчуларды каржылап жатат”

Калыстыктан тайбайлы туугандар. Садыр Жапаров бийлик башына өтө оор кырдаалда келди. Пандемиядан кийинки убак. Анысы аз келгенсип бюджетте 30 миллиард сом дефицит. Анысы да аз келгенсип 30 жылдан бери карыз ала беришип, 5 миллиард доллар тышкы карызыбыз. Анын үстөгү менен төлөөчү мезгил дагы дал ушул Садыр Жапаровдун пешенесине туш келип жатпайбы.

Карыздын 70 пайызын Атамбаев алып, жарымын Сапар экөө жеп койгонун дагы айта кетпесек калыстык болбойт. Кыскасы итке минген мамлекетти өткөрүп бердик. Садыр Жапаров келип, бюджетти 250 миллиарддан 400 миллиардга көтөрдү. Салыкты көбөйткөн жок. Кошумча салык киргизген жок. Мурда кандай болсо, ошол жагдайда эле 400 миллиардга чыгарды. Бул деген сөз мурда чөнтөккө кетип жаткан акчаларды бюджетке бурду деген сөз. Кумторду алды. Ал жактан дагы миллиарддаган сомдор бюджетке түшө баштады. Ошентип бир жылдын ичинде эмгек акылар, пенсия-пособиялар алды үч эсеге чейин көтөрүлдү. Айрыкча мугалимдер колдоруна алган көп суммаларды көрүп, түш көргөндөй эле болуп калышты.

Аскерлердин баарын курал-жарак, кийим-кече менен толук камсыз кылды. Буга дагы ченебегендей акча кетти. Жолдорду оңдоду. Мектептерди салды. Бишкек шаарына эле 4 айдын ичинде 15 мектеп салып салды. Жалпы республика боюнча 70тен ашык мектептер салынды. Темир жолдорду куруп жатат. ГЭСтерди куруп жатат. Мына дал ушул темир жолдор менен ГЭСтердин курулушуна каршы болгон сырткы күчтөр ичибиздеги душмандарды жалдап, ар кандай шылтоолорду себеп кылып, Садыр Жапаровдун бийлигине каршы акцияларды уюштуруп башташты. Шылтоосу Кемпир-Абад суу сактагычы. Ана башында Сапар Исаков менен Мадумаров турат. Сапар ТЭЦтен аймап кеткен 386 миллион долларынан кертип берип, Мадумаровчуларды каржылап, Москвада жатат. Экөө биригип алды. Кемпир-Абадды берип жибербей эле тескерисинче кайра алдык. Дегеним азыр ушул убакта плотинанын четине басып бара албайсың. Өзбектер тарапта турат.

Суудан балык тута албайсың. Сууну сугатка колдоно албайсың. Эми мындан ары ушунун баарын кыла аласың. Плотинаны чогуу башкарабыз деп көндүрүп келип жатат. Ушуну түшүнүп туруп, калп эле түшүнгүсү келбегендерди эмне десек болот? Албетте, Мадумаровчу менен Сапар Исаковчу дейбиз да. Башка сөз жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button