Коом

Өлкөдө бир жумада мас абалында унаа башкарган 223 айдоочу аныкталды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир жуманын ичинде 14 миң 354 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

— ылдамдыкты ашырып айдоо– 3933;
— тиешелүү документи жок унаа башкаруу – 192;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4475;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу – 59;
— автоээнбаштык – 5;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 422;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5230;
— автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо – 9;
— мас абалында рулга отуруу – 223.

Ар кандай эреже бузган 950 унаа айып коргоо жайына токтотулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button