Москва шаарында кыргыз элинин руханий баалуулуктарын өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошкон белгилүү комузчу, композитор Нурак Абдрахмановдун 75 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Мундуз Ордо» эл аралык бирикмеси жана «Алтын Кол плюс» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

Эскерүү кечесине Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Кыргызстандын жана Россиянын чыгармачыл чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кызы Ширин Абдрахманова, «Нурак күүлөрү» китебинин авторлошу Мастура Бердибекова, улуу комузчу Н.Абдрахмановдун чыгармаларын аткарган окуучулары, ошондой эле Москва шаары боюнча кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Элчи Гүлнара-Клара Самат өз сөзүндө, эл арасында «Күү атасы» деген атка татыктуу болгон КР Эл артисти Нурак Абдрахмановдун бай жана кайталангыс чыгармачылыгын белгилеп өттү.

Нурак Абдрахмановдун көптөгөн чыгармалары кыргыз элинин маданияты, тарыхы тууралуу түрдүү программаларга музыкалык коштоо катары колдонулган.