Маданият

Кыргызстанда кинотеатрлар жарым жылда 150 миллион сомдон ашык киреше тапты

Алты айда Кыргызстандын кинотеатрлары 150 миллион сомдон ашык киреше тапкан. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кинематография бөлүмү ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүп келет.

Ведомстводон билдиришкендей, Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын тематикалык планына социалдык маанилүү темадагы эки толук метраждуу жана үч кыска метраждуу көркөм тасма, эки толук метраждуу даректүү жана жети кыска метраждуу даректүү тасма киргизилип, эки анимациялык жана эки көркөм фильм тартылууда.

«Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы», «Жалил Абдыкадыров», «Манас Мусаев», «Сүрөткер», «Жаңылануу» кыска метраждуу даректүү тасмалары, ошондой эле төрт сериялуу «Күн балдары» анимациялык тасмасы тартылып бүттү.

Алты айда мамлекеттик жана жеке менчик кинотеатрларда 56 миңден ашык сеанс көрсөтүлүп, 150 миллион 751 миң сом чогултулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button