Астана шаарында Кыргызстандын​ маданият күндөрү уланууда, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги.

Алсак, 28-октябрда Кыргызстандын маданият күндөрүнүн программасы Улуттук «Манас» театрынын концерттик программасы менен уланды.

Ал Роза Багланова атындагы Мамлекеттик​ «Казахконцерт» мекемесинде өттү. Мындай концерттик программа аталган театрда эмгектенген чыгармачылык топтун чет өлкөдөгү алгачкы концертинин бири болду.

Манас айтылып, дастан жана ашыктык ырлары ырдалып,​ айтыш өнөрү менен бирге комуз, кыл кыяктын абазы жаңырды.

Иш-чарага Астанада жашап жаткан мекендештер жана коомчулук катышты.