Саясат

Путин, Алиев жана Пашинян Сочиде жолугушту

Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлери биргелешкен билдирүүнү макулдашты. Владимир Путин, Илхам Алиев жана Никол Пашиняндын жолугушуусу Сочиде өттү. Алар Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимин түзүүгө активдүү даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Лидерлер өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү улантууга макулдашып, буга Москва ар тараптан жардам бермей болду.

Буга чейин Путин Пашинян жана Алиев менен өз-өзүнчө да жолугушкан. Негизги тема Армения — Азербайжан чек араларындагы чыңалган абалды жөнгө салуунун жолдорун издөө жана Тоолуу Карабахтын айланасында жаралган кырдаал болууда.

«Жолугушуу пайдалуу болду жана бул жалпы кырдаалды жөнгө салуу боюнча мындан аркы кадамдарга шарт түзөт. Анан калса, “жалпысынан” дегенде мен жакынкы өткөндөгү азыркы окуяларды да, эки жыл мурунку окуяларды да айтып жатам. Ошентсе да, биз ошондо да принципиалдуу маселелер боюнча макулдаша алдык жана бүгүнкү талкуу биздин бардык өлкөлөрүбүздүн келечеги боюнча да макулдаша аларыбызды көрсөтүп турат. Мен “биздин бардык мамлекеттерден” дегенде мен Россияны, Азербайжанды, Арменияны жана региондун бардык өлкөлөрүн айтып жатам, анткени бул аймакта жашаган бардык элдер мамилелерди жөнгө салууга кызыкдар”, — деди орус президенти.

Владимир Путин ошондой эле Никол Пашинян менен Илхам Алиевге Орусияга келип, талкууга катышууга макул болгондугу үчүн ыраазычылык билдирди. Орус лидери узакка созулган жаңжалга чекит коё турган чечимдерди издөөнүн уланышына үмүттөнөрүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button