Түркиянын Бурса шаарында “Коркут Ата” кинофестивалы болуп өттү. Быйыл кинофестивалдын уюштуруучулары мааракени «Курманжан Датка» тасмасы менен ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз билдирди.

Аталган тасманын режиссеру Шер-Нияз  «Түрк маданиятына кошкон салымы үчүн» деген сыйлыкка ээ болду.

«Түркан Шорай дагы ушул сыйлык менен сыйланды. Ал киши да толкундап “Кызыл жоолук делбиримге” кантип тартылганын айтып, Чыңгыз Айтматов менен жолугуп, эчен ирет сүйлөшкөнүн айтканда кол чаппаган киши калган жок. Казактан биз менен качантан бери ымалалаш досубуз Канат Төрөбай да ушул сыйлыкты алды», — деп жазат ал.