Коом

Боомдогу жолдун Бишкек багытындагы тилкеси беш күнгө жабылат

Боом капчыгайындагы жолдун Бишкек багытындагы тилкеси 14-ноябрдан 19-ноябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 126-чакырымынан 300-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабык болот. Тагыраагы, аталган бөлүккө асфальт төшөлөт.

Мындан улам айдоочулар аталган бөлүккө келгенде жолдун каршы тилкеси менен өтүп турушу керектигин эскертти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button