Экономика

Кыргызстан он айда 29 млрд. сомго чукул карызынан кутулду

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында 28 миллиард 854,4 миллион сомдук карызын төлөдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Анын ичинен мамлекеттик тышкы карызга 19,5 миллиард, ички бересеге 9,3 миллиард сом жумшалган. Ал эми ушул эле он айдын аралыгында республикалык бюджетке баалуу кагаздарды чыгаруудан 12,4 миллиард сом түшкөнү белгиленди.

Азыркы тапта мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү (ички, тышкы) 5 миллиард 217,88 миллион долларды (418 миллиард 384,37 миллион сом) түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button