Коом

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 2023-2025-жылдарга мүчөлүгүнө шайланды

 2022-жылдын 11-октябрында Нью-Йорк шаарында 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 126 мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетишип, БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 2023-2025-жылдарга мүчөлүгүнө шайланды.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышып сөз сүйлөп, БУУна мүчө өлкөлөрдү жакында болуучу шайлоодо Кыргызстанды колдоп берүүгө чакырган. Мамлекет башчынын мындай көрсөтмөсү Кыргыз Республикасынын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.

БУУнын Адам Укуктары Боюнча Кеңешиндеги төрт орун үчүн алты өлкө — Кыргыз Республикасы, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея Республикасы ат салышышты. Шайлоого катышкан өлкөлөр шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн ар түрдүү жолдор менен күрөш жүргүзүшүп, БУУна мүчө өлкөлөрдүн арасында үгүт иштерин жүргүзүштү.

Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океаны чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея Республикасы ат салышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button