Бишкектин Көлмө конушуна троллейбус линиясын тартуу пландалууда. Бул тууралуу  маалымат жыйынында “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров билдирди.

Анын айтымында, линия тартуу муниципалдык ишкананын ички каражатынан Транспорт департаменти менен биргеликте ишке ашырылат.

“Линиянын узундугу 14 км болот. Бул боюнча долбоор даярдап, 2022-2023-жылдары баштайбыз деп турабыз”, — деди ал.

Капаров белгилегендей, учурда башкармалыкта жалпы 183 троллейбус болсо, анын ичинен күнүнө Бишкектин тургундарын тейлөөгө 135-140 троллейбус чыгат. Негизинен шаардын ичинде 11 троллейбус маршруту бар.