Коом

Кыргызстан Москвада Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгүн ачты

Москвада Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал жакта мекендештерге иш издеп, жумушка орношууга, жумуш берүүчү тарап менен келишим түзүүгө жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле кыргызстандыктар эмгек миграциясы, Россиянын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш ала алышат.

Өкүлчүлүк аткара турчу башка дагы функциялар:

Кыргызстандын жарандарынын сөөгүн мекенге кайтарууга байланышкан бир жолку төлөмдөр боюнча арыздарды кабыл алуу жана кароо;

иш берүүчүлөр менен талаш-тартыш жаралган учурда, алардын эмгек акысын төлөбөй койгон учурда жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо.

Өкүлчүлүк Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен 700 метр алысыраак жайгашкан. Тагыраагы, Москва шаарындагы Малая Полянка көчөсүндөгү 7 ст 5 дарегинде ачылган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button