Жерде калктын саны бүгүн сегиз миллиардга жетти. Бул тууралуу БУУ билдирди.

Божомол боюнча кийинки 30 жылдын аралыгында планета элинин саны дагы эки миллиардга өсүп, 2050-жылы 9,7 миллиард, ал эми 2100-жылы 11 миллиард адам болот.

Калкы жыш өлкөлөрдүн сап башында мурдагыдай эле Кытай менен Индия турат. Бирок 2050-жылы боло турган өсүш Африкага туш келет, ал эми Европада, тескерисинче, жашоочулардын саны азаят.