Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо конушундагы 114 жер тилкенин кызыл китеби чыкты. Бул тууралуу  аталган райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата комиссияга 18 570 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 14 793 арыз Новопавловка айыл аймагынан келген. Ак-Ордо конушунда жалпы 894 гектар жерге мунапыс берилет.

«Бүгүнкү күнгө карата Ак-Ордо конушунун А, Б, В кварталдарында жумуш аяктады. Бул жалпы иштин 60 пайызын түзөт. №477, 481, 484 жана 498 контурлардан жалпы 1970 адамдын тизмеси такталган. Алардын ичинен 114 адамга кызыл китеп берилип, менчик укугу катталып, салтанатуу тапшырылып жатат.

Жакынкы 2-3 айдын ичинде Ак-Ордо конушунун тургундарынын маселелери толугу менен чечилет», — деп айтылат маалыматта.

Былтыркы жылдын 22-ноябрында президент Садыр Жапаров Новопавловка айыл аймагына караштуу Ак-Ордо конушунун эли менен жолугушуп, жер маселесин чечүүгө тапшырма берген. Ага ылайык, жерге мунапыс берүү үчүн комиссия түзүлүп, ушул жылдын 14 июнунан баштап элдерден арыз кабыл алынып баштаган.