Саясат

Жапаров: ЖККУ чек арасын күзөтүүнүн катмарлуу системасын түзүү керек

Мамлекет башчы Садыр Жапаров ЖККУнун саммитинде Афганистандын таасирин эске алуу менен Кыргызстан ЖККУ чек арасын күзөтүүнүн катмарлуу системасын түзүү керек деп эсептээрин билдирди.

Өлкө башчы Еревандагы ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын кеңейтилген жыйынында сүйлөп жатып 1999-жылы Баткен окуясынан кийинкидей кыргыз-тажик чек арасында экинчи чек ара түзүү зарылдыгын айткан. Ошондой эле ЖККУ өлкөлөрү уюмдун ичиндеги ишеним кризисинен этият болушу керектигин кошумчалады.

«Дос жана жакын коңшу элдердин чачыранды болушу мамлекеттердин кызыкчылыгына каршы колдонулушу ыктымал. Мындай болбошу керек», — деген президент.

Мамлекет башчы Афганистандын таасиринен улам ички чек араларда коопсуздукту камсыз кылууну күчөтүү керектигин белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button