Борбор калаада «Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстары» көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен маалымдады.
Иш-чара 29-30-ноябрда болот.
«Көргөзмөнүн максаты — Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык ресурстарын көрсөтүү, жаңы технологияларды жана жабдууларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн потенциалдуу инвесторлорду издөө, жаңы бизнес-байланыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү», — дешти мекемеден.
Көргөзмөнүн негизги тармактары:
-айыл чарба;
-энергияны үнөмдөө, биринчи жана экинчи энергия булактары;
-батареялар, күйүүчү май клеткалары, күн батареялары, биологиялык отун;
-медицина, санитария, профилактика, сергек жашоо образы, медициналык технология;
-тоо-кен;
-жеңил өнөр жай;
-экология, айлана-чөйрөнү сактоо, таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү, сууну тазалоо, суу менен камсыздоо, ирригация;
-жол, көпүрө, курулуш, техникалык жактан тейлөө жана оңдоп-түзөө технологиялары, жаңы материалдар, жабдуулар;
-роботтук техника, өнөр жай жана үй роботтору, автороботтор, сенсорлор;
-маалымат жана IT-технологиялар;
-билим берүүдөгү инновациялар;
-чыгармачылыктагы жетишкендиктер.
Мекемеден көргөзмөгө жеке жана юридикалык жактар катыша аларын кошумчалашты.